Быйылкы жылдын 7 айында Бишкек шаары боюнча коомдук транспортко байланышкан 65 жол кырсыгы катталып, 4 адам каза болуп, 141 жүркүнчү жаракат алган.

Бишкек ШИИБи маалымдагандай, бул арада 14 миң 449 чакыруу түшкөн жана 1 миң 693 кылмыш ишинин бети ачылган.

Жол эрежелерин бузуу боюнча 136 миң 281 административдик протокол түзүлүп, 77 млн 22 миң 137 сомго айып пул салынган. Айып унаа токтотмо жайына 6 миң 546 унаа киргизилген. Жол эрежесин ыксыз бузуу боюнча 2 миң 180 айдоочу күбөлүгү сотко жиберилген.