Казакстандын айыл чарба министрлиги Кыргызстандан келген 330 миң 86 тонна айыл чарба продукциясын кайра артка жибергенин билдирген.
Өсүмдүктөрдүн арасында – түштүк америкалык помидордун күбөсү (моль) менен ооруган болгар калемпири, мөмө жегичке кабылган өрүк, шабдаалы, алма, курту бар жүзүм жана алтын түстүү нематода менен ооруган картөшкө болгонун министрликке таянып казак басылмалары жазып чыккан эле.
Эми ага карата Кыргызстандын айыл чарба министрлиги өз жообун берди. Анда коңшу өлкө тарабынан өткөн жылы кабыл алынган ЕАЭБдин “Кыргыз-казак чегиндеги ветеринадык-санитардык жана карантиндик-фитосанитариялык көзөмөл алынсын” деген чечими аткарылбай жатат деп айтылат.
19-21-июнга чейин министрликтер жолугушуу өткөрүп чек арадагы көзөмөлгө байланышкан маселелерди карашкан.
Анда Казакстан чек арадагы фитосанитардык көзөмөлдү алуу боюнча чечим менен шашылган эмес.
Өткөн жылдын августунан баштап эле “Кордай” чек ара өтмөгүндө кайрадан карантиндик лабораториясы ишин уланткан. Андан сырткары ЕЭК (Евразиялык экономикалык комиссия) коллегиясынын чечими менен аталган лабораториясы талаптарга жооп бере албайт деп табылган. Лаборатория жабдуулар менен толук камсыздалбаганы үчүн экспертизаларды анык чыгара албайт.
“Андан сырткары, түштүк америкалык помидордун күбөсү (моль) карантиндик оорулардын тизмесинде катталган эмес” – деп министрликке караштуу өсүмдүктөрдү коргоо жана химизациялоо департаменти билдирген.