Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Боом капчыгайындагы коопсуздукту сактоо боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйынга өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, транспорт министри Замирбек Айдаров катышты.

Өкмөт башчы 5 майдан 3 августка чейин Боомдо 19 кырсык болгонун жана 7 жолу таш кулаганын белгиледи.

Министрликтердин жетекчилери ал жакта дайыма атайын техника, патрулдук кызмат иштеп жатканын айтты.

Премьер-министр Боом капчыгайындагы кырсыктардын алдын алып, элдин коопсуздугун сактоого чакырды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү