Ош шаарында эпидемияга жана эпизоотияга каршы өзгөчө кырдаал комиссиясынын жыйыны өттү.

Анда кутурма, күйдүргү, эхинококк, бруцеллез жана башка өтө кооптуу жугуштуу ооруларынын алдын алуу, алардын учурдагы абалы, аларга каршы күрөшүү боюнча аткарылган алты айлыктын жумуштары туурасында сөз болду.

Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын эпидемиологиялык маселеси бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө  жана өлкөдө көңүл чордонунда экендигин айтып, эл арасында, ачык соода-саттык жүрүп жаткан жайларда тийиштүү мекеме-ишканалардын адистери биргелешип түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп турууну тапшырды.

“Мал союуучу жайларда, сүт, эт азыктарын ачык жайларда саткан сатуучуларга кооптуу жугуштуу оорулар туурасында маалымат берип, гигиеналык тазалыкты сактоого үндөө зарыл. Күз мезгилинде күч алчуу жугуштуу оорулардын алдын алып, үй-жаныбарларын өз убагында эмдетиш керек. Ар бир тийиштүү ишканалардын адситери шаардыктарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алдын алуу аракеттерин көрөлү”,- деди Н.Кадыров.