Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязовду кабыл алды.

Алар VI чакырылыштагы Жогорку Кеӊешинин биринчи сессиясында кабыл алынган мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү ишинин жыйынтыгын талкуулады.

Былтыркы жылдын ноябрынан тартып быйылкы жылдын 14-июлуна чейин президенттин кароосуна парламент кабыл алган 186 мыйзам келип түштү. Анын ичинен 43 мыйзам июль айында түштү. Башкача айтканда, алар парламенттик сессиянын акыркы күндөрү кабыл алынган.

Мыйзамдарга ылайык, келип түшкөн ар бир мыйзам боюнча өлкө  президенти кол коюу же мыйзам президенттин аппаратына келип түшкөндөн бир ай ичинде эксперттердин тиешелүү корутундусунун негизинде Жогорку Кеӊешке каршы пикирлери (вето коюу) менен кайтаруу  чечимин кабыл алат.

Талкуу маалында Атамбаев жаӊы чакырылыштагы парламент кабыл алган көп мыйзамдардын маанилүүлүгүн жана керектүүлүгүн баса белгиледи.

«Жогорку Кеӊештин былтыр шайланган жаӊы курамынын биринчи сессиясы негизинен депутаттардын Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын, өлкөдөгү тынчтыкты жана элдин биримдигин бекемдөөгө, экономиканы жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө, элдин бакубатчылыгын арттырууга, жарандарыбыздын укуктары менен эркиндиктерин коргоого өз салымын кошууга умтулуусун көргөздү”, —  деп белгиледи мамлекет башчысы.

Бөлүшүү