5-августта  Бразилиядагы Рио-Де-Жанейро шаарында XXXI Жайкы Олимп оюндарынын расмий ачылышы болот.

Эл аралык спорт майрамында Кыргызстандын атынан 19 спортчу катышат. Бишкек убактысы боюнча ачылуу аземи 5-августтан 6-августка караган түнү саат 04:15де болот.

Ачылуу аземинде Кыргызстандын туусун мушкер Эркин Адылбек уулу көтөрүп чыгат. Азыркы убакта делегация толугу менен Риого жетти. Анын ичинде 19 спортчу, 14 машыктыруучу, 2 спарринг-өнөктөш, үч дарыгер, күрөш боюнча калыс, басма сөз катчы жана 5 расмий адам барат.

Бардык мелдештерди КТРК каналдарынан көрүүгө болот.

Кыргыз спортчуларынын чыгуулары Бишкек убактысы боюнча:

6-август

19:00 Отар Бестаев Дзюдо (60 кг чейин)

20:00  Эркин Адылбек уулу бокс, күндүзгү сессия (81 кг чейин)
04:00  Жаңыл Окоева оор атлетка (48 кг чейин)

7-август

22:00 Дарья Таланова, сууда сүзүү (100 м)

9-август

19:00 Иззат Артыков оор атлетика (69 кг)
22:00 Денис Петрашов, сууда сүзүү (200 м),брасс

12-август

19:00 Юрий Краковецкий, дзюдо (100 кг өйдө)

13-август

18:00  Дарья Маслова, жеңил атлетика (10 000 м)

13-августа

18:00 легкая атлетика, 10 000 м, Дарья Маслова

14-август

18:00 Юлия Андреева (Архипова), Мария Коробицкая(10 000)
19:00 Арсен Эралиев, грек-рим күрөшү (59 кг чейин)

15-август

19:00 Жанарбек Кенжеев, грек-рим күрөшү (85 кг чейин); Мурат Рамонов (130 кг чейин)

16-август

19:00  Руслан Царев, грек-рим күрөшү (66 кг чейин)

17-август

19:00 Айсулуу Тыныбекова, эркин күрөш (58 кг чейин)

20-август

19:00  Айаал Лазарев, эркин күрөш (125 кг)

21-август

17:30 Магомед Мусаев, эркин күрөш (97 кг чейин)
18:30 Илья Тяпкин, марафон

04:15 жабылуу аземи

 

Бөлүшүү