Кармалгандардын арасында сот ишин күтүп жаткандардын 13,4 миң адамды түзөт.

Ички иштер министри Эфкан Аланын билдирүүсү боюнча 74,5 миң жарандын паспорттору жокко чыгарылган.

Өлкөдөгү аскерий төңкөрүш аракети 16-июлга караган түнү болгон. Ал дароо бийлик тарабынан басылган. 238 адам каза болуп, 2,9 миң адам жарадар болгону маалым. Түрк аскер кызматынын билдирүүсүндө калабада 8,6 миң аскер катышып, 74 танка, 3 кеме, 35 учак жана 34 вертолёт колдонулган.

130 ММК жабылып, бардык окумуштуу-академиктерге өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. Өлкө 100 млрд долларлык экономикалык чыгымга учураган.