16-августтан баштап Ташкенттен Ысык-Көлгө туристтик поезд жүргүнчүлөрдү жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү ташыйт.
Рейс 13:27де 16-23 жана 30да жекшемби күндөрү жана 12:44тө 17-24-31де дүйшөмбү күндөрү Ташкенттен Балыкчыга келет.
Ал эми Балыкчыдан Ташкентке 02:55те 18-25 –августта жана 1-сентябрда, 07:43тө 19-26-август жана 2-сентябрь күндөрү каттайт экенин «Узжелдорпасс» компаниясына таянып өзбек ММКлары жазып чыгышты.