Орусиялык турист Алексей Панов унаа токтотуучу жайдагы өспүрүм соттук-медициналык экспертизадан өтүүгө келбей койгон.

«Аны белгисиз ооруканада бизден бекитип жатат. Иш өзү созулуп, биз арыз жаздык. Унааны бизге 6 күндөн бери бере элек. Унаанын документтерин Чолпон-Ата шаарынын ИИБнин кызматкерлери алып коюшкан», — деп knewsга билдирди.

Анын айтымында, иш созулгандыгынын айынан алар Орусиянын Кыргызстандагы элчилигине кайрылышат.

Ал эми Ысык-Көл облусунун ИИБи билдиргендей, унаа туристке таандык эмес.

“Соттук-медициналык экспертизадан текшерүүдөн өткөн. Бирок азырынча жыйынтык чыга элек. Өспүрүм Чолпон-Ата шаарында, өз үйүндө турат”, — деп билдирди.

Ысык-Көлдө 30-июлда жергиликтүү базардын жанындагы унаа токтотуучу жайда өспүрүм орусиялык туристтен машинесин токтоткону үчүн 50 сом акы сураган. Дубалда “токтотуу акысы 20 сом” деп турганына байланыштуу турист ага ашыкча акча бергиси келген эмес. Өспүрүм ага макул болбой, машиненин жолун тороп туруп алган. Ортодо пикир келишпестик чыгып, бала унаанын айнегин таш менен сындырып салган. Бирок өспүрүм акча үчүн сындырган эмес. Анын бутун турист унаасы менен тепсеп кеткен экен.

Автор: Нуркыз Маматова

Бөлүшүү