Президент Алмазбек Атамбаевдин колдоосу астындагы автожүрүш 1916-жылдагы трагедиялуу окуяларга арналган.

Сокулук районунун Асыл-Баш айылынын сапар тарткан автожүрүш мамлекеттик деӊгээлде өткөрүлөт. Автожүрүш башталган иш-чарага президенттик аппараттын жетекчисинин орун басарынын даражасындагы бөлүм башчы Мира Карыбаева катышып, мамлекет башчысынын автожарыштын катышуучуларына кайрылуусун жарыялады.

Автожүрүш Асыл-Баш, Беловодское айылдарына, Боом капчыгайына, Бөкөнбаев, Барскоон айылдарына токтоп өтөт. Андан ары 6-августта Каракол шаарын жана Түп райондорун аралайт.