Кырсык аталган жолдун 419-чакырымында катталган. Бир ай мурун дал ушул жерден дагы бир киши даратканага баруу үчүн унаадан түшүп кулаган.

ӨКМнын saat.kgге билдирген маалыматына ылайык, кырсык Бишкек-Ош жолунда болгон.

«39 жаштагы жаран 250 метрлик жардан ыргып кеткен. Анын артынан куткарам деп экинчиси кулаган. Куткаруучулар аны жардан кармалып калган жеринен алып чыгышты. Экинчиси тилекке каршы каза болду. Аман калганы азыр ооруканага жеткирилди»,- дейт ӨКМ басма сөз катчысы.