6-7-августта Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Абанын температурасы түнкүсүн 17…19 градус, күндүз 31…33 градус болот.