Быйыл май айында Казакстан Кыргызстандан барган картөшкөгө убактылуу чектөө койгон. Өкмөттөр аралык сүйлөшүүдөн кийин гана картөшкөнү кайра киргизип баштаган эле.

Кыргызстанга боордош өлкө болуп саналган Казакстан мунусунда  4-июндан баштап КРден барган 330 миң 86 тонна айыл чарба өсүмдүктөрүн кайра жибергенин айтты. Алардын билдирүүсү боюнча, өсүмдүктөрдү ташып кирүүдөгү 52 мыйзам бузуу фактысы катталган.

Жашылча жана мөмө жемиштердин арасынан 142 миң 63 тоннасынын тастыктамасы жасалма болуп чыкканын казак сайттары жазып чыкты.

Буга карата КРдин айыл чарба министрлиги жооп кайтарып, негизсиз болуп жаткан маселелерге токтолду. Алардын эң негизгиси болуп эсептелген Евразиялык экономикалык биримдиктин өткөн жылы кабыл алган “Кыргыз-казак чегиндеги ветеринадык-санитардык жана карантиндик-фитосанитариялык көзөмөл алынсын” деген чечими аткарылбай жатат деп айтты.

Ал эми бул маселе боюнча ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов расмий түрдө билдирүү келбегенин айтат.

“Расмий түрдө билдирүү келбегенден кийин кайра жибердик дегендеринин азырынча 330 миң тоннабы же 330 тонна экени белгисиз. Мурун ар кандай фактылар менен келип түшкөн кайрылуулар бар. Чек арада фитосанитардык көзөмөл жок болгондуктан тастыктамасы жок өтүп кеткендер болот. Алардын продукциясы жолдон колго түшүп, ошонун негизинде казак тарап бизге билдирүү жөнөткөн учурлар катталат. Андан сырткары биздин лабораториялар таза деп жиберип, тигилердин лабораториясы башкача жыйынтык чыгарган учурлар да кездешпей койбойт”, — дейт.

ЕАЭБдин алкагында эч кандай текшерүү жана тыюу салуулар болбой, көзөмөл алынып, эркин товар киргизип-чыгаруу орун алышы керек болчу.

Аталган маселеге карата айыл чарбасы боюнча адис жана академик Жамин Акималиев өз оюн мындайча билдирди.

“Казакстандын 330 миң 86 тонна продукцияны кайра жөнөттүк дегени акылга сыйбас иш. Экинчиден, өзүбүздөн да кемчиликтер кетип жатышы мүмкүн. Анткени, КРден кеткен айыл чарба азыктары тастыктамасы жок кетип, ошондон кайра казак боордоштор пайдаланып жатышы мүмкүн. Аны тастыктама берүүчү мекеме көзөмөлгө алышы керек” – дейт адис.

Ал билдиргендей, бул маселенин саясий-экономикалык себептери да болушу мүмкүн. Анткени, биримдикке киргени менен өлкөлөрдүн ортосунда баары бир экономикалык атаандаштык болбой койбойт.