ӨКМ Боом капчыгайында өзгөчө кооптуу 17 сел каптоо жана 4 таш кулоо коркунучу бар деп жарыялаган.
Ал аймактарда күнү-түнү куткаруу кызматы күзөттө.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу жана ОсОО «Верхолаз» менен келишим түзүлдү. Ага ылайык 5-августтан тарта «Верхолаз» жер тилкелерин байкап, атайын таш түшүрүү иштерин жүргүзөт.
Транспорт министирлиги айдоочуларды, кыраакы, ынталуу болууга. Жолдо унааны көңүл коюп айдап, белгилерге көңүл буруп унаалар ортосундагы аралыкты сактоону өтүнөт.