Ысык-Көл ОИИБ баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө карыш күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы менен биргеликте 16 кг 700 граммдык апийим өсүмдүгүн өстүргөндөрдү кармады.

Корумду айылынын тургуну 58 жаштагы аялдын үйүн текшерүүгө алганда 164 баш байлаган 56 түп апийим өсүмдүгүн тапкан.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Тийиштүү экспертизадан кийин фактыга юридикалык баа берилерин Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Бөлүшүү