Тиешелүү мыйзамга Алмазбек Атамбаев кол койду.
Өзгөрүүлөр «Саясий, мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматтарды ээлеген жарандардын мүлкүн, киреше-чыгашасын декларациялоо жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
«Бул чаралар сот системасындагы коррупциянын алдын алуунун натыйжалуу куралы болуп, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик органдарынын коррупция менен биргеликте күрөшүү аракетин шарттайт»,- деп айтылат билдирүүдө.