Окуя 30-июлда Чолпон-Атадагы базардын жанында унаа токтотуучу жайда болгон.
Унаа токтотуучу жайда өспүрүм орусиялык туристтен машинесин токтоткону үчүн 50 сом акы сураган. Дубалда “токтотуу акысы 20 сом” деп турганына байланыштуу турист ага ашыкча акча бергиси келген эмес. Өспүрүм ага макул болбой, машиненин жолун тороп туруп алган. Ортодо пикир келишпестик чыгып, бала унаанын айнегин таш менен сындырып салган. Бирок өспүрүм акча үчүн сындырган эмес. Анын бутун турист унаасы менен тепсеп кеткен экен.
Бул факт боюнча өспүрүмдүн агасы Кантемир Конокбаев арыз жазган. Өз учурунда эс алуучунун апасы да Оксана Стаценко жашы жете элек өспүрүмгө катарта 400$ зыян келтиргендиги үчүн тосмо арыз жазган.
Эки арыз тең Ысык-Көл ИИБинде катталып, иликтөө жүрүп жаткан. Соттук медициналык экспертиза дайындалып, унаа токтотуучу жайга акча алуунун мыйзамдуулугу териштирүү жүрүп жаткан.
4-августта райондук милицияга эки тарап тең бир-бирине жазылган арыздан баш тартып, элдешкендигин жарыялады.
«Эки кылмыш иши тең өтө чоң эмес болгондугуна байланыштуу бул жаңжал боюнча кылмыш ишин козголбойт»,- деп айтылат билдирүүдө.