30-августта башталган марафон «Тоскоолдуксуз жашоо» деп аталат.
Бул маалыматты өзүнүн Facebookтагы баракчасына Гульмира Казакунова жарыялаган.
Старт Бөкөнбаев айылында, ал эми финиш 6-сентябрь Каракол шаарында болот.
Мелдеште Финляндия, Тажикстан, Казакстан жана Кыргыз Республикасынын жарандары катышат. Калоочулар марафонго кошула алышат.