Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Ой айылынын тургундары балдар үчүн берилчү жөлөкпулдун берилишине нааразы.
Айыл тургундары жөлөкпулдун муктаж үй бүлөлөргө эскилиги жеткен авто унаа, трактор же саналуу малы болгондугу үчүн берилбей жатканын айтышты. Жарды, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берилишин КСДП партиясынан иш сапар менен барган депутаттык топтон чечип берүүнү өтүнүштү.
Ал эми социалдык жактан өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев болсо өлкөнүн бюджети мүмкүнчүлүк бербей тургандыктан жөлөкпулду өтө муктаждар гана ала аларын билдирди.
Андан сырткары айылдын бир медициналык пунктка (ФАП) муктаж экенин КСДП фракциясынын басма сөз кызматы билдирди.