Тасманын продюсери режиссер Елена Яцура менен эл өкүлү Садык Шер-Нияз.
Сценарийде 45 жаштагы Карабас келинчеги Жыпар менен чогуу жашаганына карабай Турганбүбү аттуу жаш кыз менен жолугуп жүрөт. Жубайлардын Улук аттуу баласы 4 жашында балдар үйүнөн жоголуп кетет. Турганбүбүнүн боюнда болуп калганын уккан Жыпар үй-бүлөнү сактап калуу үчүн баланы асырап алууга барат.