20-августка чейин Балыкчы — Чолпон-Ата – Корумду жолунун 20 км асфальттын биринчи катмары салынат.

Ал эми экинчи катмары ДКО-IIден кийинкиге калтырылып жатканын транспорт министрлигине караштуу жол чарбасынын директорунун орун басары Шабдан Иманкулов билдирди.

Анын айтымында, Балыкчыдагы Абдрахманов көчөсүнүн 6 км 400 м аралыгындагы 3 км жол оңдолуп бүткөн.