«Сот приставдары» жөнүндөгү мыйзам көз карандысыз соттордун кадыр-баркын бекемдөө жана ишмердигин камсыздоо, сот адилеттигин ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзүү, судьяларга, сот отурумунун катышуучуларына жана сот аткаруучуларга карата коркутууларга, басым өткөрүүгө жол бербөө максатында иштелип чыккан.

 

Сот приставы — бийлик өкүлү болуп саналат жана кызмат милдеттерин аткарууда мамлекеттин коргоосунда болот. Бул кызматта 21 жаштан өткөн, жогорку билимдүү кыргызстандыктар иштей алат.