Алардын көбү Европада жашаганы менен Азиянын миллиардерлери тездик менен көбөйүп жатканын Wealth-X тин адистери изилдеп чыкты.
Былтыркы жылы 1 млрд доллар каражаты бар адамдардын саны 6,4%га өскөн. Азыр болсо андай байлыгы менен 2473 киши мактана алат. Ал эми быйылкы 7,7 трлн долларлык сумма абсолюттук рекордду көрсөттү.
Былтыркы жылга салыштырмалуу байлардын капиталы 5,4%га чыгып, АКШ менен Кытайдан башка бардык өлкөлөрдүн ички дүң өнүмүн басып өткөн. Изилдөөлөр көрсөткөндөй миллиардерлердин көбү каражатты каржы секторунан (15,2%) тапкан. Ал эми 4,9%ы өндүрүштөн алган.
Алардын арасынан 2-5 млрд долларга — 813 адам, 5-10 млрд долларга – 224 адам жана 10-20 млрд долларга – 110 адам ээ. 25 тен 50 млрд долларга чейин ээлик кылган 33 бай киши бар. Эркектердин арасында байлар көп. Алардын колунда 6 трлн дон (88,6%) ашык акча бар.
Быйылкы жылдын мартында Forbes 6,48 трлн долларлык каражаты бар дүйнөдөгү 1810 миллиардерди белгилеген.






























