Расмий сапар менен Түркияга барган Нурсултан Назарбаев Рэжеп Тайип Эрдоган менен жолукту.
Ал казак-түрк лицейлеринде иштеген кызматкерлердин Гүлен менен болгон террористтик байланышы боло турган болсо дароо Түркия бийлигине өткөрүп берерин билдирди.
АКШда жашаган коомдук ишмер Фетхуллах Гүлен Түркияда 16-июлга караган түнү болгон аскерий төңкөрүш аракетин уюштурган деп күнөөлөнүп келет.
Калаба аракетинен кийин Түркия бийлиги айрым өлкөлөргө түрк лицейлерин жабуу боюнча кайрылуу жасаган. Ага ар бир өлкө ар башкача жооп кайтарган эле. Казакстан башында мектептердин гүленге тиешеси жок экенин билдиргени менен азыр Түркия бийлигин колдоорун билдирүүдө.
“Бул мектептер мамлекеттин көзөмөлүндө турат. Ар бир мектепти текшерип чыгабыз деп макулдаштык. Эгерде гүленге тиешеси боло турган болсо, мугалимдерди алмаштырганга даярбыз” – деп Назарбаев билдирген.






























