Белгилүү мотиватор Ник Вуйчич 2017-жылдын февраль айында Кыргызстанга келет.
Чакыруу демилгесин “жетим балдардын укугун коргоо” коомдук фондунун төрагасы Игорь Беляев колуна алган.
Алардын максаты — мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды Вуйчич менен жакындан тааныштыруу.
“Быйылкы жылдын аягына чейин Никтин убактысы жана планы толуп калыптыр. Бош убактысы жок болгондуктан келерки жылдын башына чакырууну пландап жатабыз. Аны жанынан көрүп, таанышууну каалагандар абдан көп” – дейт Беляев.
Ник Вуйчич – уникалдуу адам катары дүйнөгө таанылган. Ал өмүр жолунда алты-саны аман адамдар жасабаган иштерди жасоого үлгүргөн. Мүчөлөрү толук болбосо да көп бийиктиктерди багындырып, оратор, жазуучу, ырчы катары таанымал.






























