Бразилиядагы Рио-де-Жанейро шаарында 6-августта Жайкы Олимп оюндары старт алды.
Ачылуу аземи легендарлуу «Маракана» стадионунда болуп андан 207 мамлекеттен келген 12 миң спортчу басып өттү.
Кыргызстандан бул оюндарга 19 спортчу катышып жатат.
Тууну көтөргөн мушкер Эркин Адылбек уулу.
КР спортчуларынан биринчилерден болуп дзюдоист Отар Бестаев беттешип, 1/8 финалдан утулуп калды. Мушкер Эркин Адылбек уулу биринчи беттеште эле утулуп калды. Оор атлетчи Жаңыл Окоева он эки спортчунун ичинен онунчу болгону Олимпиаданын расмий сайтында айтылат. Ал эми сууду сүзгүч Дарья Таланова жарым финалга өтө алган жок.
Жакынкы мелдештер:
9-август
19:00 Иззат Артыков оор атлетика (69 кг)
22:00 Денис Петрашов, сууда сүзүү (200 м),брасс
12-август
19:00 Юрий Краковецкий, дзюдо (100 кг өйдө)
13-август
18:00 Дарья Маслова, жеңил атлетика (10 000 м)
13-августа
18:00 легкая атлетика, 10 000 м, Дарья Маслова
14-август
18:00 Юлия Андреева (Архипова), Мария Коробицкая(10 000)
19:00 Арсен Эралиев, грек-рим күрөшү (59 кг чейин)
15-август
19:00 Жанарбек Кенжеев, грек-рим күрөшү (85 кг чейин); Мурат Рамонов (130 кг чейин)
16-август
19:00 Руслан Царев, грек-рим күрөшү (66 кг чейин)
17-август
19:00 Айсулуу Тыныбекова, эркин күрөш (58 кг чейин)+
20-август
19:00 Айаал Лазарев, эркин күрөш (125 кг)
21-август
17:30 Магомед Мусаев, эркин күрөш (97 кг чейин)
18:30 Илья Тяпкин, марафон
04:15 жабылуу аземи
Олимп оюндары 21-августка чейин улантмакчы.






























