Кветта шаарындагы көптөгөн курмандыктарга алып келген террордук ишке байланыштуу Мамнун Хуссейнге көңүл айтты.

«Кыргызстан бул үрөй учурган окуяны чечкиндүү айыптайт жана терроризмге каршы дүйнөлүк коомчулуктун аракеттерин бириктирүү маанилүү экендигин белгилейт», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент курман болгондордун туугандарына жана жакындарына колдоо билдирип, жабыр тарткандардын тезиреек сакайып кетишин тилегенин президенттик аппараттан билдиришти.

Бөлүшүү