Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев “Токтогул Олуя” зыярат кылуучу жайынын абалы менен таанышты.

Тарыхый инсанды түбөлүк калтыруу максатында 2003-жылы марафон өткөрүлүп, сыйынуучу жай уюштурулган. Жыл сайын бул жерге облусттун аймактарынан эл келип, куран окуп, зыярат кылып кетишет. Зыярат кылуучу жайда күмбөзү жана таш жайнамазы бар. Абиш Халмурзаев аймак тарыхый, маданий жайларга бай экендигин белгилеп, ал жерлерди реконструкциялоо, сактоо жана келечек муунга өткөрүп берүү зарыл экендигин айтып кетти.

Бөлүшүү