КМШ саммитине карата шаардын муниципалдык кызматтары борбордук көчөлөрдү даярдоодо.

Аялдамалар оңдолуп, 72 жарнак тактасы алынган. Фучик көчөсүнө ызы-чуу өткөрбөй турган тосмолор орнотулууда. Ал Жибек жолунан Линейный көчөсүнө чейин уланат.

Андан сырткары, кооздолгон дарбазалар коюлуп, азыркы учурда “Аска-Таш” мемориалдык комплексинде оңдоо иштери жүрүүдө.

Бул аракеттер 16-17-сентябрда боло турган саммитке карата көрүлүп жатканын Бишкек мэриясы билдирет.