Бүгүн көчмөндөр оюндарына атайын тиктирилген параддык жана спорттук кийимдер көргөзүлдү.

Тендер 2 млн 680 миң сомго жарыяланган. Дизайнерлер Жумагүл Сариева жана Эльвира Султангазиева көчмөндөрдүн философиясын берүүгө аракеттендик деп билдиришти.

Ал эми фейсбук колдонуучуларынын айрымдары кийимдерди жылуу кабыл алган жок.

«Болбойт», «жакшы эмес», «жакыр жашаган элдин символу болуп калыптыр», «акчасын дагы жеп алып түзүк дизайнерлерди табышкан жокпу» дегендер да болду.

Безымянный

Параддык чапандарды кыргыз орнаменттери жок деп сындашса, спорттук кийимдерди КР футбол командасынын формасына окшошуп калыптыр дегендер болду.

Безымянный4

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү