5 күндүн ичинде II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышаарын дагы 6 мамлекет билдирди. Алар: Белоруссия, Германия, Иран, Сербия, Чехия жан Жапония.
9-августта көчмөндөр оюндарына катыша турганын 35 мамлекет расмий тастыктады: Азербайжан, Аргентина, Армения, Белоруссия, Бразилия, Венгрия, Гватемала, Германия, Израиль, Индия, Индонезия, Иран, Италия, Казахстан, Кытай, Колумбия, Латвия, Литва, Монголия, Нидерланды, Пакистан, Перу, Польша, Орусия (Башкортостан, Карачаево-Черкессия, Свердлов облусу, Челябинск облусу), Сербия, Словакия, АКШ, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина, Чехия, Шри-Ланка, Эквадор, Эстония жана Жапония.
Учурда чет мамлекеттерден көчмөндөр оюндарына катышуу тууралуу табыштамаларды кабыл алуу уланууда.
II Дүйнөлүк көчмөн оюндары ушул жылдын 3-8-сентябрында Ысык-Көлдө өтөт. Мелдештердин программасында спорттун 23 түрү бар. Анын ичинде ат чабыш жана ат оюндары боюнча мелдештер, күрөш, улуттук оюндар, жаачылардын салттуу жаа атуу мелдештери, мергенчиликтин улуттук түрлөрүнүн спорттук мелдештер, салттуу интеллектуалдык оюндар.
Автор: Нуркыз Маматова