Анын курамындагы чыгармачыл топто унаалардын кортежи, атайын техника, чатыр лагери, көчө ашканасы, 54 төө, 10 жылкы болот.

Кербен август айынан сентябрга чейин КРди басып өтөрүн “Манас” жаштары республикалык сарайынан мэрияга билдиришкен.

Катышуучулар көчмөндөр оюндарынын урааны менен калк жашаган пунктарда жөө жүрүп, Кырчын жайлоосунда маданий иш чара уюштурушат. Эки тараптуу салтанаттуу жолугушуулар менен маданий акциялар өтөт.

Кербендин акыркы сапары Ош шаарына барып такаларын мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Бөлүшүү