Документти түзүү 100 жыл мурун болгон окуялардын сүрөтүн калыбына келтирүү, өлкөнүн тарыхында « тактарды» жок кылууга багытталган.

“Иштин негизги милдети катары – көз карандысыз Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн жана элдин биримдигин бекемдөө десек болот ”,- дейт тарыхый жана маданий «Мурас» фондунун жетекчиси Тынчтыкбек Чоротегин

Бүгүн 9-август күнү Президент алдындагы башкаруу академиясында документ талкууга алынды.

Ага толуктоолор киргизилген соң расмий түрдө коомчулукка жарыяланат.

Бул аракеттер  президент тарабынан «1916-жылдагы кандуу көтөрүлүштүн 100 жылдыгы тууралуу»  жарлыктан кийин башталган.

Алгач 2015-жылы тарыхый илимдердин өнүгүшү боюнча комиссиянын чечими менен иш топ түзүлгөн.
Ага окумуштуу-тарыхчылар, коомдук ишмерлер кирип, алар 1916-жылдагы көтөрүлүштү изилдеп обьективдүү баа бермей болушкан.