Риодогу жайкы олимп оюндарынын бүгүн 4-күнүндө 15 комплект медаль ойнотулат.

Оюндардын расмий сайты белгилегендей, байдаркада жана каноэде калак менен айдоо, сууга секирүү, ат мелдештери, фехтование, көркөм гимнастика, дзюдо, ок атышуу жана оор атлетика боюнча мыктылар аныкталат.

Кыргызстандын атынан дароо 2 спортчу мелдешке чыгат.

22:00дө олимп бассейнинде сууда сүзүү боюнча мелдеш өтөт. Анда 200 метр узундукта Денис Петрашов чыгат.

04:00дө оор атлетика боюнча 69 кг чейинки Иззат Артыков медаль үчүн күрөшөт.

Буга чейин мелдешке дзюдочу Отар Бестаев, сууда сүзгүч Дарья Таланова, мушкер Эркин Адылбек уулу жана оор атлетси Жаңыл Окоева чыккан.