Сокулук районунун Тынчтык конушунун айыл башчысы Улан Садалиев таштанды маселесине кайдыгер мамиле жасоодо.

Буга чейин бир нече жолу мамэкотехинспекция кызматкерлери таштанды таштоочу жайды жокко чыгарып, башка жерге  көчүрүү тапшырмасын берген. Бирок ага карабастан, бүгүнкү күндө таштанды таштоочу жай өз калыбында турат.

Экотехинспекция билдиргендей, ар бир айыл өкмөтү өз карамагына тийиштүү жерлерди көзөмөлдөп, таштандылардын ирээттүү жайгашуусуна көзөмөл салуусу керек.

“Тилекке каршы айрым айыл өкмөттөрдүн шалаакылыгынан улам, таштанды маселеси көп жерлерде чечилбей келет. Андыктан биздин кызматкерлери, айыл өкмөтүнө иш толук аягына чыкмайын көзөмөлгө катуу алынаарын да эскертишти”, — деп билдирди.

unnamed (5)