Кыргызстандык спортчу 69 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып 3-орунду ээлеген.

Буга чейин мамлекет тараптан байгелүү орундарга ээ болгон спортчуларга акчалай сыйлык берилет деп айтылган.

  1. Олимпиадада биринчи орундун ээлерине 7 миллион сом каралган;
  2. Экинчи орун үчүн — 5 миллион сом;
  3. Коло медаль тагынгандарга 3,5 миллион сом берилет.

Сыйлык бир гана медалдар үчүн берилбейт. 4 орун ээсине 2 миллион каралган, 5-орунга 1 миллион, 6-орун – 900 миң, 7-орун – 800 миң, 8-орун үчүн 700 миң сом.

Мындан тышкары, байгелүү орундардын ээлери биринчилик үчүн 20 миң, экинчи орун 17 миң, коло медал үчүн 15 миң сомдогу стипендия алышат. Ал  мамлекеттик спорт агенттиги тарабынан өмүр бою берилет.

Иззат Артыков 3,5 млн сом, 15 миң сом өлчөмүндөгү өмүр бою берилүүчү стипендияга, улуттук олимпиадалык комитет тарабынан берилүүчү батир жана Toyota Corolla үлгүсүндөгү унаага ээ болот.

Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан олимпиада жеңүүчүлөрүнө батир берилет деп айрым ММКлар жазып чыккан. Мэрияда бул маалыматты такташкан жок. Бирок абдан сыйлуу белектер күтүп тургандыгын белгилешти.

Бөлүшүү