Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды.
Жолугушууда өкмөт башчыга Абдылдаев АКШ да «С5+1» форматында өткөн жыйын тууралуу маалымат берди. Ошондой эле көчмөндөр оюндарына жана сентябрь айында өтө турган КМШ президенттеринин саммитине карата даярдыктар тууралуу айтып берди.
Жээнбеков эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды талаптагыдай өткөрүү тапшырмасын берди.