Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевди жана социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаровду кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчысы пенсиялык камсыздоонун азыркы абалы, камсыздоо төгүмдөрдүн, пенсияларды финансылоонун деңгээли, ошондой эле пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү Концепциясын жүзөгө ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат алды.

Соцфонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров быйылкы жылдын 1-октябрынан баштап пенсияларды көбөйтүүнүн механизмдери жөнүндө президентке баяндап берди.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевдин сөзү боюнча, жогорулатуунун натыйжасында республика боюнча пенсиялардын орточо көлөмү  5173 сомго, же болбосо 110,2 пайызга өсөт.

Атамбаев Кыргызстан жарандарынын алдындагы мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин өз убагында жана сапаттуу акткаруунун зарылдыгын белгиледи.

“Пенсионерлерге камкордук көрүү мамлекеттин эң маанилүү милдеттеринин бири жана колдо бар мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен пенсиялардын шайкеш көлөмүн камсыз кылуу үчүн бардык аракеттер жумшалышы керек”,- деди Президент.

Президенттин сөзү боюнча, пенсиялык системаны реформалоо бул чөйрөнү Социалдык фондго бардык төлөмдөрдү ак ниеттүүлүк менен төлөп жаткан жарандарга карата адилеттүү болуп, аларды татыктуу пенсия менен камсыз кылууга багытталууга тийиш.

Бөлүшүү