Орустүрк кызматташтыгынын бүгүнкү күндөгү негизги багыттары соодаэкономикалык мамилелерди жана террорчулукка каршы күрөштү калыбына келтирүү болуп саналат.

Бул тууралуу Санкт-Петербургда Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушууда Орусия башчысы Владимир Путин билдирди.

Президент Владимир Путиндин сөзүнө караганда, Орусия акырындык менен Түркияга каршы санкцияларды алат.

“Биздин алдыбызда соода-экономикалык байланышты жандандыруу үчүн кылдат иштөө маселеси турат. Жараян башталды, бирок бираз убакыт талап кылат”, — деди Путин

Түрк лидери Режеп Эрдоган орусиялык кесиптешин “жакшы дос” деп атап, эки өлкө бузулган мамилени оңдоп, мындан ары дагы көбүрөөк жакындашууга болорун кошумчалады. Бул — 2015-жылдын ноябрь айында түрк аскерлери Сирия менен чектеш аймакта орусиялык аскер учагын атып түшүргөндөн берки алгачкы жолугушуу.

Орусия менен мамиле калыбына келип жаткан маалда 230 адамдын өмүрүн алган аскердик төңкөрүш аракетинен соң, Анкаранын Батыш менен ымаласы начарлап кетти. Түрк бийлигинин пикиринде, Батыш тополоңдун өзүнө эмес, андан кийин Түркия көрүп жаткан чараларга көбүрөөк кабатыр болууда.

Бөлүшүү