Паспорт алуу үчүн документ беришкен жарандар жана бардык кызыкчылыгы бар уюмдар мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынан онлайн режимде паспорттун даяр болушун, жарактуулугун же жараксыздыгын текшере алышат.

Бул кызмат көрсөтүү «Инфоком» мамлекеттик ишкана тарабынан иштелип чыккан “Улуттук паспорттордун мамлекеттик реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасын («УПМР» АМС) ишке киргизүүдөн улам мүмкүн болуп калды.

Бул паспорттун жарактуулугун бардык кызыкчылыгы бар адамдарга жана уюмдарга текшерип туруу мүмкүндүгүн бере алат. Бул кызматты колдонуу чөйрөсү: документтин макамын жарандардын кирүү жана чыгуу учурунда, финансылык бүтүмдөргө келишүүдө, банктарда кредиттерди берүү учурунда, ишке кабыл алууда ж.б. учурларда текшерүү.

Ошондой эле паспорттун даяр болуусун калкты тейлөө борборлоруна (КБТ) келбестен билүүгө мүмкүндүк бере турган паспорттун даярдыгын текшерүү функциясы ишке ашырылган. Бул кызмат көрсөтүүнү КТБларда жана паспорт столдорунда ийгиликтүү ишке киргизилип жана иштетиле баштаган «Паспорт» АМСсынын алкактарында ишке ашырууга мүмкүн болду. Түйүндүк телефонунун номерин көрсөткөн шарттарда, паспорттун даярдыгы тууралуу маалымат, автоматтык түрдө смс-билдирүүлөрдүн жардамы менен паспорт ээсинин түйүндүк телефонуна жөнөтүлөт.