Түркмөнстанда президенттин буйругу менен Ашхабаддагы Огузхан атындагы техникалык университет жабылды.
Студенттер башка жогорку окуу жайларына которулуп жатат. Ал эми жабуунун так себептери айтылган жок. Ар жылы түркмөн-түрк окуу жайына 200дөн ашык адам кабыл алынып турчу.
Түркияда 16-июлга караган түнү болгон аскерий төңкөрүш аракетине бийлик коомдук ишмер Фетхуллах Гүленди күүнөөлөп жатат. Ал тургай башка өлкөлөрдөгү Гүленге тиешелүү делген окуу жайларды жаптыруу аракетинде иш алып барууда.
Айрым өлкөлөр каршылык жообун айтып, кээ бирлери жүйөлүү себептер боло турган болсо жабууга макул болушууда.