Кыргызстанга келген бир далай белгилүү инсандар Ысык-Көлдү жактырышып, суктанып, эргүү, илхом алып, мээ сергитип кеткен.

1376-1389-1392 –жылдары айтылуу аскер башчы Темирландын үч жолу көл калаасына келип кеткени жомок аралаш айтылып жүрөт.

Этнограф, тарыхчы, саякатчы жана манас изилдөөчү Чокан Валиханов кыргыз жергесинде 1856-жылы экспедиция жасап көл жөнүндө “Ысык-Көлгө баргандагы күндөлүк” баянын жазган.

Юрий Гагарин

Биринчилерден болуп айга барып келген Юрий Гагарин Фрунзеге келип, расмий жолугушууларга катышкандан кийин Ысык-Көлдүн Тамгасындагы аскерий санаторийине келип эс алган.

Казак классиги Мухтар Ауэзов болсо Ысык-Көлгө болгон сүйүүсүн айтып бүтө алчу эмес.

«Ысык-Көлдү кандай гана сүйөм! Абасынан дем алуу кандай керемет! Эгерде кайра жарала турган болсом, ушул жерди тандамакмын” – деп тамшанган Ауэзов Ысык-Көлгө утур-утуру келип турган. Ал тургай анын көл жээгинде чакан үйү да болгон.

ысык-көл

1957-жылдары ССРБ чыгармачыл инсандарынан — орус жазуучусу Всеволод Иванов, публицист жана драматург Леонид Пантелеев, жазуучу жана драматург Владимир Брагин жана жазуучу Вера Пановалар келип эс алышкан.

Кыргыз берметинде 1997-жылы казак акыны  Мухтар Шаханов, орус акыны Евгений Евтушенко, англис жазуучусу, кино жана театр актёру Питер Устиновдор келишкен.

Шаханов и Айтматов

Саясатчылардан Түркия президенти Сулайман Демирел «Ысык-Көл» форумуна келген. Ал эми Орусиянын мурунку президенти Борис Ельцин 2000-жылдары катары менен Ысык-Көлгө келип эс алып турган.

Айтылуу орус саясатчысы Владимир Жириновский келип кеткенден кийин «Кара деңизге барбай эле койгула, Ысык-Көлгө баргыла, анткени ал жакта жакшыраак» деп жарнамалаганын ошол кездеги туризм министри Турусбек Мамашев айтып чыккан.

Жириновский

Ал тургай көл жээгинде Кубалык саясий жана коомдук ишмер Фидель Кастронун өзүнө таандык эс алуу жайы болгон деген имиштер да бар.

Андан сырткары көл жээгине жакынкы коңшу өлкөлөрдүн жылдыздары келип эс алып турушат.

Сүрөт:vb.kg
Сүрөт:vb.kg

Быйылкы сезондун башында Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен космонавт Салижан Шарипов жолугуп,  көлгө космонавттар үчүн реабилитациялык борбор куруу жөнүндө сүйлөшүшкөн. Эгерде ал ишке ашып кала турган болсо Ысык-Көл аалам учкучтарынын эс алуу жайына айланышы мүмкүн.