Окуучуларга болгон чала көзөмөлү үчүн А.Байтанаев ишинен бошотулду.

9-августта кечинде 3-курстун курсанттары машыгуу учурунда эс алууга убакыттын аз бөлүнүп жаткандыгы тууралуу командири менен уруша кетишкен.

Ошондон улам курсанттардын лицейден чыгып кеткендери айтылат. Эртеси күнү алар ата-эне, туугандарынын жетегинде окуу жайга кайтып келип, окуянын чоо-жайын түшүндүрүшкөн.

Ата-энелер, курсанттар жана лицейдин башкаруучулары болуп сүйлөшүүлөр жүргөнүн коргоо министрлигинин башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин аталган аскер лицейинин (Суворов окуу жайы) 69 курсанты окуу жайдан качып кеткендиги тууралуу маалыматтар тараган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү