Австрияда нике кыюу учурунда колуктулар менен болочок күйөөлөр бири-биринин тилин түшүнбөгөнү белгилүү болгон.

Анда Румыния менен Непалдын жарандары жана Тунис менен Венгриянын жарандары үйлөнүп алууну каалашкан. Башкача айтканда алар фиктивдүү түрдө (пайданы көздөп) баш кошууну көздөп үйлөнүү үлпөтүн уюштурушкан.

Эгер үйлөнүп калса күйөөлөрүнө мамлекеттен пайда көбүрөөк тиймек. Андан сырткары арасынан бирөө издөөдөн жүргөн болуп чыккан. Ошондуктан эки жупка нике кыйылган эмес.