27 жаштагы аял бир жарым жаштагы баласы жана кызы болуп үйдө отурчу. Атасы таксист болуп иштеген.
Мате Залки көчөсүндө жашаган үй-бүлө Кыргызстандан Красноярскка көчүп баргандыгын bloknot-krasnoyarsk.ru маалымдады.
Аялдын айтымында, кызы тил алчу эмес, ошондуктан кызын жазалап турчу.
Кошуналары болсо 4 жаштагы наристе тытылган, көгөргөн денеси менен көптөн бери жүргөнүн айтышты.
«Энеси кызды катуу кармачу. Алардын үйүнөн дайыма жаш баланын ыйы жана күңүрт үндөр угулуп турчу»,- деп билдиришкен.
Бул жолу да ал өз кызын катуу сабап салат да мурдун кармап муунтат. Андан соң күйөөсүнө айтып, алар тез жардам чакырышат.
Эксперттердин айтымында, кызга 40тан ашуун сокку урулган.
Дарыгерлер кыздын өмүрү үчүн жарым саат күрөшкөн.
Иликтөөнүн жүрүшүндө, ушинтип кызын чыргоолугу үчүн жазалаганын мойнуна алган.
Бирок сотто ал баласын карап жүргөнүн жана кызынын денесинде кайдан соккулар жана көк-алалар пайда болгондугун билбей турганын айткан
Райондук совет соту аялды толук күнөлүү деп таап 12 жылга эркинен ажыратып , 50 миң рубль айып пул салган.