Азыркы учурда Казань шаарында Азия омбудсмендеринин ассоциациясынын директорлор кеңеши жолугушуу өткөрүүдө.
Татарстанда өтүп жаткан жыйында акыйкатчы Кубат Оторбаев Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова менен жолукту.
Анда жалпы адам укуктары жана Орусияда жүргөн КРден барган мигранттардын укуктарын коргоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Жыйынтыгында эки тарап бул жаатта тыгыз кызматташууну чечип, мурунку келишимдерге толуктоо киргизилиши керектигине токтолду.
Омбудсмендер жакын арада келишимдерди карап чыгып кол коюшарын акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.