Обончу жана ырчы катары таанылган Мирлан Алыкулов фейсбуктагы баракчасына өзүнө таандык “Кызыл өрүк” ырынын эки сабын «АЮ Холдинг» компаниясы уруксатсыз колдонуп жатканын жазды.

«Мен обончу Мирлан Алыкулов ырдын автору катары аю фирмасын 100 миң доллар өлчөмүндөгү акчага сотко берем. Себеби, эч кандай уруксаты жок менин жан дүйнөмдөн чыккан сөздөрдө колдонуп төрт жыдан бери «Кызыл өрүк» деген арак чыгарып жаткандыгы үчүн мен укугумду коргоп жатам жана соттон жеңип чыгам деген ойдомун», — деп жазган.

кызыыл

Мирлан Алыкуловдун өзү менен байланышканыбызда:

“Бул тамаша эмес. Мен сотко берүү үчүн керектүү документтерди чогултуп жатам. Колдоп, жардам берип жаткандар бар. Бул жерде менин укугум тебеленип жатат. “Кызыл өрүк” деген аталыштагы ичимдик чыгара берсе эч нерсе дебейт элем. Кеп менден уруксат сурабай туруп эки сабымды кошуп алганда болуп жатпайбы. Казактар деле чыгарып жатат. Бирок, ал жакта менин саптарым жок», — деп жооп берди.

Ал 100 миң долларды көп деп эсептебейт.

«Бул сумма көп эмес. Аракты сатуудан буларга миллиондогон каражат түшкөн. Чыгарбагыла деп бир жолу кайрылгам. Биздин адвокаттарыбыз күчтүү эч нерсе кыла албайсың деп коюшкан» — деп кошумчалады.

«Ырым негизи патенттелген. Бул ырды казак, татар, өзбектер да ырдап чыгышкан. Мен мурун соттошкондор дагы укугумду бузуп, саптарды алмаштырышкан учурлар болгон. Буйруса аягына чыгам» — дейт автор.

кыпкызыл

 

Ал эми «Аю» компаниясынан жооп алууга мүмкүн болгон жок. Ишкананын кызматкерлери бул тууралуу маалыматы жок экенин билдиришти. «Кызыл өрүк» аттуу ичимдик чыгарын билишет, бирок ыр саптары кошо жазылганын, азыр сатыкта бар экенин билишпейт.