Июнь айынын башында жарыяланган тендердин жыйынтыгы чыгып, 5 катышуучунун арасынан “Азия Моторс” ЖЧКсы жеңишке ээ болгон.
Аталган ишкана документациядагы бардык талаптарга жооп бере алгандыгы менен утушка жеткен. Сынактын жүрүшүндө мыйзам бузуулар катталган эмес.
65 даана авто унааны алууга каралган сумма 36 млн сомду түзгөн. Алар сатылып алынгандан кийин бардык облустардагы ПМге бөлүнүп берилет.
Унаалар 2016-жылга чыгарылган. Кыймылдаткыч күчү – 1600 см3 экенин патрулдук милициянын башкы башкармалыгы билдирди.