Абоненттер бир айдын ичинде 279,3 млн кВт саат электр энергиясын сарпташкан. Жалпысынан 4,3%га үнөмдөлдү.
Бул арада Бишкек шаарында электр энергия 8,4 млн кВт саатка же 5,6% үнөмдөлгөн. Мерчемделген 149,1 млн кВт сааттан бишкектиктер 140,7 млн кВт саатты гана керектешкен.
Чүй облусу 4,2 млн кВт саатка же 3,4% үнөмдөгөн. Каралган 125,9 млн кВт сааттан 121, 7 млн кВт саат электр энергиясы пайдаланылган.
Ал эми Талас облусу ченемден тескерисинче 0,89% ашырган. Ченелген 16,8 млн. кВт сааттан керектөө 16,9 млн кВт саатты түзгөнүн “Түндүк электронун” басма сөз кызматы билдирди.