“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Конституцияга өзгөртүүлөрдү жол-жобосу менен киргизсе болорун билдирди.
«Мен президент менен сүйлөшүп, өкмөттү күчөтүү керек деген оюмду айткам. Саясий жактан күчөтүп жоопкерчиликти берүү зарыл деп. Бирок булар башка нукта өзгөртүп жатышат. Азыркы Конституциянын айынан сот реформасы жүрбөй калганын айтып жатышат. Бул ашыкча башкаруудан. Президенттин тегерегиндеги адамдардын айынан жүрбөй калды», — деди Текебаев.
Бүгүн Текебаев маалымат жыйынын өткөрүп, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча оюн айтты.